Италияда Кыргызстандын жеңил өнөр жай продукцияларынын көргөзмөсү өттү

  • 3 недели мурун

4-апрелде Италиянын Неаполь провинциясында “CIS di Nola” коммерциялык бөлүштүрүү ири борборунда Кыргызстандын жеңил өнөр жай продукцияларынын көргөзмөсү өттү.

Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Бул иш-чара  Кыргызстандын тигүү буюмдары үчүн экспорттук рынокту кеңейтүү максатында, Кыргызстандын Италиядагы элчилиги, тышкы иштер министрлиги жана экономика жана коммерция министрлиги менен бирге  Кыргызстандын Беневенто шаарындагы ардактуу консулу А.Кастиелонун көмөгү менен уюштурулду.

Көргөзмөнүн координатору, Кыргызстандын «TOOLAI» компаниясынын жетекчиси С.Бейшенова италиялык компанияларга Кыргызстандын жыйырма компанияларынын тигүүчүлүктүн бардык түрлөрүн  тартуулады.

Моделдөө, дизайн, кездеме тандоо, Кыргызстанда продукцияны контракттык түрдө чыгаруу боюнча кызматташуунун келечеги, ошондой эле даяр продукцияны андан ары экспорттоо үчүн Италияга логистика маселелери талкууланды.

Көргөзмөнүн жыйынтыгы боюнча “CIS di Nola”нын президенти жана коммерциялык директору Ф.Гвида жана Ф.Гримальди 2024-жылдын биринчи жарымында Кыргызстандагы кийим тигүүчү ишканалар менен түз байланыш түзүү жана мындан аркы өз ара пайдалуу кызматташтыгы үчүн кызыкдар италиялык компаниялардын тобун Кыргызстанга иш сапарын уюштурууга даяр экендиктерин билдиришти.

Быйыл мындай көргөзмө иш-чараларын Италиянын бир катар башка аймактарында да уюштуруу пландалууда.

Маалымат үчүн: “CIS di Nola” соода-логистикалык борбор болуп саналат, анын аймагында 500дөн ашык, анын ичинде тигүү жана текстиль өнөр жайларында, ошондой эле мода индустриясында италиялык компаниялардын кеңселери жана кампалары жайгашкан.

Италияда Кыргызстандын жеңил өнөр жай продукцияларынын көргөзмөсү өттү

Сүрөттөр: ТИМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты