Казакстан Сенаты үй-бүлөлүк зомбулук үчүн кылмыш жоопкерчилигин киргизүү мыйзамын жактырды

Казакстан парламентинин Сенаты үй-бүлөлүк зомбулук үчүн кылмыш жоопкерчилигин, бачабаздык үчүн өмүр бою эркинен ажыратуу жазасын киргизүү сунушталган мыйзамдарды жактырды.

Бул тууралуу «Азаттыктын» казак кызматы кабарлады.

Сенат кабыл алган мыйзамдарга президент кол коюп, күчүнө кирсе Казакстанда балдарга карата зордук-зомбулуктун бардык түрлөрү үчүн жаза чарасы катуулап, үй-бүлө зомбулугун алдын алуучу чаралар комплекси иштей баштайт.

Үй-бүлө мүчөсүнө кол көтөргөн кишиге 658 доллар өлчөмүндө айыппул салынат же ал 80 саатка коомдук иштерге тартылып, айрым учурларда 25 суткага камалат. Азыркы айыппул 123 доллар, камоо мөөнөтү — 15 сутка. Жашы жете электерге же кызматтык милдетин аткарып жаткандарга өзгөчө мыкаачылык менен зомбулук көрсөткөндөр эки жылга чейин эркинен ажыратылат.
Өз өмүрүнө кол салууга жеткиргендик үчүн 5-9 жылга чейин абакка камоо каралууда.

Соңку жылдары Казакстанда аялдарга жана балдарга карата зомбулук маселеси эң көп талкууланган маселеге айланды. Ушу тапта аялы Салтанат Нукенованын өлүмүнө айыпталып жаткан мурдагы экономика министри Куандык Бишимбаевдин соту болууда.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты