Өзгөчө абал режими узартылды
- 4 года мурун
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-апрелде, «Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» жарлыкка кол койду.
Жарлыкка ылайык, Бишкек жана Ош шаарларынын, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад шаарынын жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарында өзгөчө абал 2020-жылдын 30-апрелине чейин узартылууда.
Аталган жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана Жогорку Кеңешке бекитүү үчүн жиберилет.
Коронавирус коркунучуна байланыштуу 25-марттан тартып, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Ноокат, Кара Суу, Сузак райондорунда өзгөчө абал киргизилген. Өзгөчө абал режими 15-апрелге чейин деп белгиленген,
Кыргызстанда 14-апрелге карата COVID-19 вирусун жуктурган 11 жаӊы учур катталып, бардыгы 430 га жетти. Анын ичинен 79у — медицина кызматкери.