Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда жаңы келишим даярдалууда

  • 3 недели мурун

Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда союздаштык мамилелерди тереңдетүү жана кеңейтүү боюнча келишим даярдалып жатат.

Бул документтин долбоорун тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 8-апрелде Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетине сунуштап, биринчи окууда колдоо тапты.

Министрдин маалымдашынча, келишимди 2022-жылы Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Бишкекке сапарынын алкагында президент Садыр Жапаров сунуштаган.

“Эки өлкөнүн ортосундагы биринчи 1997-жылы апрелде түбөлүк достук боюнча келишими, кийин 2003-жылы декабрда союздаштык мамилелер боюнча келишим бар. Андан бери 20 жылдан ашык убакыт өткөндүктөн, биз казак тарап менен сүйлөшүп, келишимди жаңылоону макулдаштык. Бул келишимди Казакстандын тышкы иштер министрлиги менен чогуу даярдадык. Азыркы убакта эки мамлекеттин ортосунда союздаштык мамилени кеңейтүү, тереңдетүү убакыттын ченеми” деди Кулубаев.

Келишимдин долбоорунда эки мамлекеттин ортосундагы саясий, аскердик-техникалык, инвестициялык, экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү каралган. Келишимге президент Жапаров апрель айынын соңунда расмий сапары менен Казакстанга барган учурда кол коюу пландалган.

Комитеттин төрагасы Улан Примов кыргызстандык дыйкандар азык-түлүктөрдү Казакстан аркылуу алып өтүүдө чектөөлөр орун алып, аларга кыйынчылык жараткан учурлар болуп турарын, келишимдин алкагында муну да эске алууга чакырды.

Министр бул келишимде соода экономикалык байланышты өнүктүрүү, транзитти жеңилдетүү, тоскоолдуктарды алып салуу, жаңы өткөрмө бекеттерди ачуу маселелери камтылганын билдирди.

Кыргызстандан сыртка жүк негизинен Казакстан аркылуу ташылат. Казак тараптагы ар кандай чектөөлөрдөн улам жүк ташууда байма-бай түйшүк жаралып келет.

Эки мамлекеттин чек арасында сегиз: төрт эл аралык жана төрт эки тараптуу өткөрмө пункту бар. Эл аралык өткөрмө бекеттерге “Ак-Жол”, “Чалдыбар”, “Ак-Тилек” жана “Чоң-Капка” өткөрмө пункттары, эки тараптууга “Кең-Булуң”, “Токмок”, “Кайыңды” жана “Каркыра” чек ара пункттары кирет.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты