ТИМ Иран менен Израилди аскердик аракеттерден баш тартууга чакырды
- 2 недели мурун
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлиги Иран менен Израилди мындан аркы аскердик аракеттерден баш тартууга чакырды.
Бул тууралуу тышкы иштер министрлиги билдирди.
Маалыматта мындай деп айтылат:
“Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлиги Иран менен Израилдин ортосундагы чыр-чатактын курчушуна чоң кооптонуусун билдирет жана тараптарды бүткүл Жакынкы Чыгышта кырдаалды туруксуздаштырууга алып келиши мүмкүн болгон мындан аркы аскердик аракеттерден баш тартууга чакырат. Кыргыз Республикасы тараптарды чыр-чатакты эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана нормаларына, биринчи кезекте БУУнун Уставына ылайык тынчтык жолу менен чечүүгө дагы бир жолу чакырат”.
14-апрелге караган түнү Иран Израилге чабуул коюп, 120 баллистикалык жана 30 канаттуу ракета колдонгонун Израил Коргонуу армиясынын өкүлү Дааниэ Хагари билдирген.
Муну бөлүшүү