Геология тармагын өнүктүрүүгө бир миллиард сом бөлүнүп жатат

  • 3 недели мурун

Геология тармагын өнүктүрүүгө Кыргызстандын эгемен тарыхында биринчи жолу бир миллиард сом бөлүнүп жатат.

Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун бүгүн, 7-апрелде, өлкөнүн  геологдорунун кесиптик майрамы менен куттуктоосунда айтылат.

“Эгемен Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу улуттук геология тармагын өнүктүрүүгө 1 миллиард сом каражат бөлүнүп жатат. Бул каражат мамлекеттин минералдык-сырьелук базасын толуктоого жана көбөйтүүгө багытталат. Тактап айтканда, геологиялык илим-изилдөө иштерин жүргүзүүгө, геофизикалык жана атайын бургулоочу жабдууларды алууга, пайдалуу кендерди изилдөөгө, чалгындоого жана баалоого, адистерди даярдоого, жаңы кендерди ачууга пайдаланылмакчы” деп белгиленген куттуктоодо.   

Кыргызстандын геологдорунун кесиптик майрамы ар жылы апрель айынын биринчи жекшембисинде белгиленет. Быйыл ал майрам 7-апрелге туура келди.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты