​Нарын шаарына, Ат-Башы районунун аймагына өзгөчө абал киргизилди

  • 4 года мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-апрелде, Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө жарлыкка кол койду.

Жарлыкта Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагында 2020-жылдын 15-апрелинен саат 08.00дөн баштап 2020-жылдын 30-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилгени айтылат.

Өзгөчө абал киргизилген мезгилде ички иштер министрлигинин Нарын облусунун ички иштер башкармалыгынын начальниги Уланбек Аалиев Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун коменданты болуп дайындалары белгиленген.

18-марттан 14-апрелге чейинки мезгил аралыгында Кыргыз Республикасынын аймагында жарандардын коронавирустук инфекцияны жуктуруп алган 430 фактысы, анын ичинде Нарын шаарында — 5, Нарын облусунун Ат-Башы районунда — 19 факт тастыкталды.

Бишкек жана Ош шаарларынын, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад шаарынын жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарында өзгөчө абал 2020-жылдын 30-апрелине чейин узартылды.

Сүрөт: Республикалык штаб.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты