​Өткөрмө кагазды жасалмалагандар да бар

  • 4 года мурун

Өзгөчө абал режими киргенден бери Бишкекте жасалма өткөрмө кагаздар боюнча 52 факт катталды.

-Бул маселе биздин тыкыр көзөмөлүбүздө турат — деп билдирди борбор шаардын коменданты Алмазбек Орозалиев.

Өткөн сутка ичинде, 16апрелге карата Бишкекте коменданттык сааттын талаптарын 39 адам бузду.

Бишкектин коменданты шаардыктарды инфекция жуктуруп албаш үчүн бейжоопсуз үйдөн чыкпоого чакырды.

15-апрелден тартып Бишкек шаарында коменданттык саат 2 саатка кыскартылды. Эми ал 21:00дөн 6:00гө чейин созулат.

Бишкек жана Ош шаарларынын, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад шаарынын жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарында өзгөчө абал 2020-жылдын 30-апрелине чейин узартылды.

15-апрелден тартып Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагында 2020-жылдын 15-апрелинен саат 08.00дөн баштап 2020-жылдын 30-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилди.

Сүрөт: Бишкек комендатурасы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты