Бишкекте оор жүк ташуучу жана атайын техника айдоочулары иш таштады

  • 3 недели мурун

11-апрелде Бишкектин четинде оор жүк ташуучу жана атайын техникалардын айдоочулары нааразылык акциясына чыгышты.

Алар транспорт жана коммуникациялар министрлигинен жолдо жүрүү үчүн коюлган жүктүн салмагы боюнча талапты өзгөртүүнү талап кылды. Нааразылыкка чыккандар оор жүк ташыган техникалардын, автокрандардын, бетон куйган автоунаалардын айдоочулары болду.

“Жүктүн салмагын текшергендер шаардын каалаган жеринен бизди токтотуп, текшерип жатат. Алар ар кимге ар кандай айып пул салууда. Андан сырткары мэрия бизди күндүз иштебегиле дейт. Эки тараптын бири-бири менен байланышы жок, болбосо экөө тең мамлекеттик мекеме” деди айдоочулар.

Бишкектин четинде 300гө чукул оор жүк ташуучу жана атайын техниканы токтотуп, талаптары ишке ашмайынча, жумушка чыкпай турганын айтышууда.

5-апрелден тарта Бишкек мэриясы оор жүк ташуучу автоунаалардын шаар ичинде жүрүшүнө чектөө киргизген. Жол коопсуздугун жана жолдун сапатын сактоо максатында кирген талапка ылайык, салмагы 18 тоннадан оор жүк ташуучу автоунаалардын саат 7:00-21:00 аралыгында шаардагы муниципалдык жолдо жүрүшүнө тыюу салынат. Мындай чектөө 1-октябрга чейин күчүндө болот.

Гуманитардык жардам жана тез бузулуучу тамак-аш азыктарын жеткиргендер жана муниципалдык тапшырыктын негизинде жүк ташыгандар, мэрия тараптан жол курууга, оңдоого тартылган техникалар мындай талаптан бошотулат.

Мэрия бул талапты бузган айдоочуларга “Укук бузуулар кодексинин” негизинде айып каралганын эскерткен.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты