“Ала-Тоо” аянты жаңыланат

  • 3 недели мурун


Ала-Тоо” аянтын реконструкциялоонун эскиздик долбоору «Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасында аяктоо стадиясында турат, жакынкы арада аны ишке ашыруу боюнча иштер башталат.

Бул тууралуу 11-апрелде Бишкек шаарынын мэринин орун басары Азамат Кадыров, Биринчи май районунун администрация башчысы Сарылбек уулу Улан жана шаардык кызматтардын жетекчилеринин көчмө жыйыны учурунда белгиленди.

Реконструкциялоонун башталышына байланыштуу коомдук жайлар, Эмгек Даңкы, Достук скверлери, Таттыбүбү Турсунбаева жана эл достугу монументи, анын ичинде «Ала-Тоо» аянтындагы жөө жүргүнчүлөр өтүүчү зоналар убактылуу жабылат.

Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Сүрөт: Интернет булактарынан


Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты