​Коменданттык саат эки саатка кыскартылды

  • 4 года мурун

Бүгүн, 15-апрелден тартып Бишкек шаарында коменданттык саат 2 саатка кыскартылды. Эми ал 21:00дөн 6:00гө чейин созулат.

Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.

Мурда коменданттык сааттын убактысы – 20:00дөн 7:00гө чейин.

Буга чейин Ош шаарында да коменданттык саат кыскартылган.

Бишкек жана Ош шаарларынын, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад шаарынын жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарында өзгөчө абал 2020-жылдын 30-апрелине чейин узартылды.

15-апрелден тартып Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагында 2020-жылдын 15-апрелинен саат 08.00дөн баштап 2020-жылдын 30-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты