“Дөө Чыңгыздын” өлүмүнө айыпталгандар эркинен ажыратылды  

  • 3 недели мурун

Бүгүн, 12-апрелде, Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту “Дөө Чыңгыз” деген каймана аты менен белгилүү болгон Чыңгыз Жумагуловдун өлүмү боюнча өкүм чыгарды.

Бул тууралуу Октябрь

Соттун өкүмү менен Данияр Шүкүров 18 жылга, Санжар Сапарбеков 17 жылга, Эрнис Кубанычбеков жана Мухаммед Замирбеков 13 жылга, Сыймык Биримкулов 20 жылга, Дооронбек Асанбек уулу 10 жылга эркинен ажыратылды.

Чыңгыз Жумагуловдун өлүмүнө айыптылгандардын арасында президенттин администрациясынын мурдагы жетекчиси Медет Садыркуловду өлтүргөн деген айып менен 14 жылга эркинен ажыратылган Санжар Сапарбеков бар.

Мындан 2022-жылы 30-июлда Дөө Чыңгыз каймана аты бар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Чыңгыз Жумагуловдун СИЗО-1 убактылуу кармоочу жайдан өлтүрүлгөн. Маалыматка ылайык, аны камералашы бычактап салган.

2022-жылы 15-июлда УКМК тарабынан Бишкек шаарынын аймагында уюшкан кылмыштуу топтун мурда издөөдө жүргөн мүчөсү, криминалдык чөйрөдө “Дөө Чыңгыз” деген ат менен белгилүү Чыңгыз Жумагулов кармалган. Аны кармалышынын себеби кылмыштуу топту уюштуруу, ошондой эле жеке ишкердик менен алектенген адамдардан системалуу түрдө өзгөчө ири өлчөмдө акча каражатын талап кылуу фактысы боюнча колдо болгон материалдардын алкагында жүргүзүлгөнү белгиленген.

Сүрөт: Сот залында. 16-март, 2023-жыл. RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты