Бишкектеги мектеп-интернаттан өрт чыгып, 600дөй киши эвакуацияланды      

  • 3 недели мурун

Баштапкы маалымат боюнча, бүгүн, 12-апрелде, Бишкек шаарынын Ленин районундагы Алыкулов көчөсүндө жайгашкан мектеп-интернаттын актовый залынан өрт чыккан.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар (ӨКМ) министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, өрттү өчүрүүгө саат 13:36да Ленин райондук №6 ӨКБдан бир, саат 13:40да кошумча дагы бир, жалпы эки күжүрмөн эсеп жана штаб тартылган.

Болжол менен 600дөй адам эвакуация болуп, тилсиз жоо саат 14:25 чектөөгө алынып, 14:53тө толугу менен өчүрүлдү.

Жабыркагандар жок.

Такталган маалымат боюнча актовый залдын чатырынын 50 чарчы метри күйүп, түтүн каптаган.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты