Зилзала: Кыргызстандык куткаруучулар урандылар алдынан дагы бир адамды аман-эсен алып чыгышты   

Түркиядагы зилзаладан кийин жардамга барган кыргызстандык куткаруучулар кыйрап калган 12 кабаттуу үйдүн алдынан дагы бир жаранды аман-эсен алып чыгышты.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы (ӨКМ) билдирди.

Ушуну менен кыргызстандык куткаруучулар тарабынан зилзаладан кийин урандылар алдынан аман-эсен куткарылган төртүнчү жарандын өмүрү сакталып калды.

12-февралда Түркияга жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуга, издөө-куткаруу иштерине жардам берүү үчүн куткаруучулар жөнөп кетти.

6-февралда кыргызстандык куткаруучулар катуу жер титирөө катталган Түркияга кыргызстандык 63 куткаруучу жардамга жөнөтүлгөн.

Кыргызстандык куткаруучулар Түркиянын Кахраманмараш шаарында бузулган имараттын урандылары арасында алты күн калган адамды тирүү таап чыгарышты. 

Андан соң Түркиянын Кахранмараш шаарындагы Баалыжан районунда зилзала болгондон кийинки урандылар арасынан издөө-куткаруу иштери учурунда  11-февралда кечки 19:21 чамасында 22 жаштагы кош бойлуу келин аман-эсен куткарылды.

Бүгүн 12-февралда, Түркиянын жер титиреген аймактарынан урандылар алдынан издөө-куткаруу иштери учурунда Бишкек убактысы боюнча 02:30 чамасында кыргызстандык куткаруучулар тарабынан Алиайчичек аттуу 2016-жылы туулган бала куткарылды.

Сүрөт: КР ӨКМ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты