Кыргызстандагы Processing KG компаниясына санкция салынды
- 4 дня мурун
- Жаңылыктар
Улуу Британия Орусиянын VexPay төлөм компаниясы менен байланышы бар деген негиз менен Кыргызстандагы мамлекеттик Processing KG компаниясына санкция салды.
«Кара тизмеге» Processing KG компаниясынын жетекчиси Улан Букабаев да киргизилген. Бул тууралуу “Азаттык” Британиянын бийлигинин көрсөтмөсүнө ылайык жазды.
Компаниянын башкы түзүмү катары Кыргызстандын Финансы министрлиги көрсөтүлүп, ага байланышкан интернет-ресурстардын арасында vexpay.net сайты да аталган.
“Processing KG компаниясы аркылуу британдык каржы уюмдарына төлөм жүргүзүүгө жана аны менен корреспонденттик банктык мамиле түзүүгө да тыюу салат. Мындан тышкары Британиядагы интернет-провайдерлер, социалдык тармактар жана тиркемелерди жайылткан платформалар колдонуучулардын компаниянын сайттарын, тиркемелерин жана башка контентин пайдалануусуна чектөө боюнча чара көрүүгө тийиш” деп айтылат маалыматта.
Улуу Британия Кыргызстанда катталган Tokenspot жана Tsunami Payments компанияларына да санкция салган.
Кыргызстанда 40ка жакын компаниянын ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыгы боюнча 16 материал боюнча аларды жоюу үчүн сот органдарына жөнөтүлдү. Бул тууралуу 2-октябрда президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Сыдыковдун төрагалыгы алдында өткөн жумушчу кеңешмеде айтылды.
Санкциялык тобокелдиктер жогору болгон адамдарды жана компанияларжы аныктоо жана тизме түзүү боюнча “блэклист” түзүү талкууланды.
2-октябрга чейин мамлекеттик эки банк — “Элдик банк” 126га жакын, “АБанк” 100гө чукул ишкананын эсептерин жапкан.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




