Кыргыздын маданий эн тамгасын даңазалоо. Кыргызстандан Вашингтонго чейин

Махабат Саманчиева кыргызстандык этнодизайнер, азыркы учурда Америка Кошмо Штаттарында жашап жана чыгармачылыгын өркүндөтүп келет. Ал 2026-жылдын 27-сентябрында Вашингтон шаарында өткөн DC Fashion Week 2026 эл аралык мода жумалыгында өзүнүн коллекцияларын көрсөткөнү анын кесиптик жолундагы урунттуу учурлардын бири болуп калганын айтты.

-2026-жылдын 27-сентябрында мен Америка Кошмо Штаттарынын  мода индустриясынын эң маанилүү окуяларынын бири болгон, Вашингтон шаарында өткөн  DC Fashion Week иш-чарасына катыштым. Бул менин чыгармачылык жолумдагы эң маанилүү жана чоң жоопкерчиликтүү окуя болду, Американын борборундагы эл аралык подиумда Кыргызстандын улуттук кийимдеринен турган коллекциямды көрсөтүү бактысына туш болдум.       

Азыркы учурда Америкада жашап жатсам да, менин колумдан чыккан ар бир буюмда Кыргызстандын бир үзүмү жашап келет. Менин максатым – кыргыздардын улуттук маданий эн тамгасын сактоо жана улуттук искусствону дүйнөгө жайылтуу. Вашингтондогу мода көргөзмөсүндө эл аралык аудиторияга кыргыз улуттук искусствосунун кереметин көрсөтө алганым үчүн абдан сыймыктандым,-деп билдирди Махабат Саманчиева “ПолитКлиника” медиасына.

-Чыгармачылык жолумда дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө, анын ичинде Индия, Кувейт, Тажикстан, Азербайжан, Кыргызстан жана Америка Кошмо Штатттарында көргөзмөлөрдө жана мода иш-чараларында катышып жүрдүм. Өзгөчө Вашингтон шаарындагы эл аралык подиумда Кыргызстандын улуттук кийимдерин, заманга шайкеш келген коллекцияларымды көрсөтүп, абдан толкунданып жүргөн кезим,-деди Махабат Саманчиева.      

Махабат Саманчиева Америкада  Ruslanova Fashion House үйүн негиздеген. Анын коллекциялары жөн гана мода эмес — ар бир орнаменттин өзүнүн өзгөчөлүгү жана философиясы бар. Бардык кийимдер кийген кишиге жарашык гана бербестен, алардын баары табияттын өзүндөй, жагымдуу жана пайдалуу, жүндөн жасалат, бул ал кийимдердин баалуулугун арттырып турат.

Махабаттын эмгектеринин негизин ата-бабаларыбыздан калган улуттук кийимдер, кыргыз маданиятынын алмустактан берки үлгүсүн бүгүнкү заманга айкалыштырылган үлгүсү түзөт.

-Менин чыгармачылыгым кыргыз элимдин кылымдардан берки тарыхы жана маданияты менен тыгыз байланыштуу. Өз ишмердигимди улуттук баалуулуктарыбызды сактоого, аны заманбап мода, текстиль искусстовосу менен айкалыштырууга жумшайм. Мен үчүн мода бул кадыресе гана кооз кийим эмес, бул биздин бай маданиятыбыздын жемиши, колунан көөрү төгүлгөн уздарыбыздын чеберчилиги, кыргыздын салттуу искусствосунун таржымалын дүйнөгө жайылтуу болуп саналат,-дейт этнодизайнер Махабат Саманчиева.

Сүрөттөр: Этнодизайнер Махабат Саманчиеванын коллекциясынан      

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты