Журналисттерди коргоо комитети төрт журналистке коюлган айыпты алып салууга чакырды
- 3 месяца мурун
Баш кеңсеси Нью-Йорк шаарында жайгашкан Журналисттерди коргоо комитети төрт журналистке коюлган айыпты алып салууга чакырды. Бул тууралуу аталган комитеттин сайтына жарыяланды.
Анда Temirov Live медиасынын мурдагы жана азыркы төрт кызматкерине чыккан өкүмдү Бишкек шаардык соту күчүндө калтырганы сынга алынды.
Эске салсак 18-декабрда Бишкек шаардык сотунда журналисттер Махабат Тажыбек кызы, Азамат Ишенбеков, Айке Бейшекеева жана Актилек Капаровдун иши боюнча сот улантылды. Шаардык сот райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.
10-октябрда Ленин райондук соту «Темиров лайв» жана «Айт айт десе» долбоорлорунун директору Махабат Тажибек кызын 6 жылга, журналист Азамат Ишенбековду 5 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган. Актилек Капаров менен Айке Бейшекеева үч жылдык мөөнөт менен пробацияга чыгарылды. Калган журналисттер — Акыл Орозбеков, Жумабек Турдалиев, Жоодар Бузумов, Сапарбек Акунбеков, Сайпидин Султаналиев, Максат Тажыбек уулу жана “ПолитКлиникадан” Тыныстан Асыпбеков соттун чечими менен акталган.
16-январда Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Temirov Live” медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен, алардын баары камакка алынган.
Кийин редакция кызматкери Акыл Орозбеков үй камагына, ал эми Жумабек Турдалиев эч жакка кетпөө тилкаты менен абактан чыккан. “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Сапарбек Акунбеков ден соолугуна байланыштуу үй камагына бошотулган. 9-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук соту журналисттер Жоодар Бузумовдун, Тыныстан Асыпбековдун, Максат Тажибек уулунун жана Сайпидин Султаналиевдин бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарган. Биринчи май райондук соту Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан Махабат Тажыбек кызынын, Азамат Ишенбековдун, Актилек Капаровдун жана Айке Бейшекееванын камактагы мөөнөтүн дагы узарткан.
Ички иштер министрлиги “Айт Айт Десе” жана “Temirov Live” баракчаларындагы массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен иш козголгонун билдирген.
«Чек арасыз кабарчылар» уюму камакка алынган кыргызстандык 11 журналистти өз докладына киргизген. «Иликтөөчү журналисттерди тазалоо: Антикоррупциялык иликтөөлөрдү жасаган жана көз карандысыз Temirov Live жана Ait Ait Dese YouTube каналдары менен байланышы бар 11 журналист январь айында «массалык баш аламандыктарды уюштургандыгы үчүн» камакка алынган, ал эми төртөө октябрда адилетсиз соттук текшерүү жыйынтыгында соттолушкан» деп айтылат докладда.