Кыргызстандык 11 журналист RSF уюмунун 2024-жылдагы докладына кирди
- 2 месяца мурун
Кыргызстандык 11 журналист «Чек арасыз кабарчылар» уюмунун (RSF) 2024-жылдагы дүйнө жүзүндөгү өзүнүн ишмердүүлүгүнө байланыштуу каза болгон, камалган, барымтага алынган жана дайынсыз жоголгон журналисттер боюнча докладына кирди. Доклад аталган уюмдун сайтына жарыяланды.
«Журналисттер өлбөйт, алар өлтүрүлөт; алар түрмөдө отурушпайт, аларды ошол жакка бийлик органдары ташташат; алар жоголбойт, аларды уурдап кетишет. Көбүнчө бийлик же куралдуу топтор тарабынан уюштурулган бул кылмыштар, эл аралык укуктарды бузат жана көп учурда жазасыз калат. Биз окуялардын жүрүшүн өзгөртүшүбүз керек жана жаран катары эсибизге салышыбыз керек, бул журналисттер так эле биз үчүн, бизге маалымат бериш үчүн өлүп жатышат. Биз курмандыктарды эсептегенди, кылмышкерлердин атын атап, ачыкка чыгарганды, иликтегенди уланта беришибиз керек жана адилеттүүлүктүн жеңишине умтулушубуз керек. Фатализм эч качан жеңбеши керек. Бизге маалымат бергендерди коргоо — бул чындыкты коргоо дегенди билдирет»,- деп айткан уюмдун башкы жетекчиси Тибо Брюттен.
«Чек арасыз кабарчылар» уюмунун докладына ылайык, 2024-жылы 54 журналист өлтүрүлгөн. Анын ичинен 31и согуш аймагында өлтүрүлгөн. Журналисттер эң көп Жакынкы Чыгышта, Иракта, Суданда, Бирмада жана Украинада каза болушкан. 2024-жылы журналисттердин үчтөн бир бөлүгү Газа секторунда өзүнүн ишмердүүлүгүн жүргүзүү учурунда өлүшкөн.
Ошондой эле 550 журналист камакка алынган. Бул мурдагы жалга салыштырмалуу 7,2%га көп. Журналисттер эң көп Кытайда (124, анын 11и Гонконгто), Бирмада (61), Израилде (41) жана Беларусияда (40) камалышкан.
«Чек арасыз кабарчылар» уюму камакка алынган кыргызстандык 11 журналистти өз докладына киргизген. «Иликтөөчү журналисттерди тазалоо: Антикоррупциялык иликтөөлөрдү жасаган жана көз карандысыз Temirov Live жана Ait Ait Dese YouTube каналдары менен байланышы бар 11 журналист январь айында «массалык баш аламандыктарды уюштургандыгы үчүн» камакка алынган, ал эми төртөө октябрда адилетсиз соттук текшерүү жыйынтыгында соттолушкан»,- деп айтылат докладда.
Уюмдун маалыматында, 55 журналист барымтага алынган. Алардын дээрлик 70%ы Сирия аймагында барымтага алынышкан. Мындан тышкары журналисттердин барымтага алынышы Йеменде (2) жана Малиде (2) да катталган.
Мындан тышкары 95 журналист дүйнөнүн 34 мамлекетинде дайынсыз жоголгон. Алардын 30%ы Мексикада катталган.
Акыркы 10 жылда 28 журналист дайынсыз жоголгон. Алар: Мексикада (5), Сирияда (3), Малиде (3), Конго Демократиялык Республикасында (2), Палестинада (2) жана Иракта (2) жоголушкан.
Кошумчалай кетсек, «Чек арасыз кабарчылар» уюму — эл аралык бейөкмөт уюм болуп саналат. Уюмдун негизги максаты — өз ишин аткарып жатканы үчүн камалган же куугунтукталган журналисттерди жана медиа тармагындагы кызматкерлерди коргоо, ошондой эле көптөгөн өлкөлөрдө аларга карата жасалып жаткан кордоо жана кыйноо учурларын чагылдыруу. Уюм цензурага жана басма сөздүн эркиндигин чектеген мыйзамдарга каршы күрөшөт.
Эске салсак, 10-октябрда Ленин райондук соту «Темиров лайв» жана «Айт айт десе» долбоорлорунун директору Махабат Тажибек кызын 6 жылга, журналист Азамат Ишенбековду 5 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган. Актилек Капаров менен Айке Бейшекеева үч жылдык мөөнөт менен пробацияга чыгарылды. Калган журналисттер — Акыл Орозбеков, Жумабек Турдалиев, Жоодар Бузумов, Сапарбек Акунбеков, Сайпидин Султаналиев, Максат Тажыбек уулу жана “ПолитКлиникадан” Тыныстан Асыпбеков соттун чечими менен акталган.
Сүрөт: RSF