Абактагы Азамат Ишенбековго Нарында чоң апасынын тажиясына катышууга уруксат берилди
- 2 месяца мурун
Абакта жаза мөөнөтүн өтөп жаткан “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери, акын жана журналист Азамат Ишенбековго багып өстүргөн чоң апасы Гулира Абдираимакунованы Нарынга барып, акыркы сапарга узатууга жаза аткаруу кызматы тарабынан 5-мартка чейин уруксат берилди. Бул тууралуу адвокаты Нурсултан Жаныбеков билдирди.
Буга чейин 1-мартта Жаза аткаруу кызматы абактагы Азамат Ишенбековго Нарынга, сыркоолоп жатка чоң апасын көрүп келүүгө уруксат берилгени маалымдалган.
Азамат Ишенбеков Нарында чоң апасынын жанында 40 мүнөт гана болуп, кайра абакка кайтып келгенден кийин, чоң апасы кайтыш болуп калган.
Буга чейин «ПолитКлиника» медиасы Азамат Ишенбековдун чоң апасы жана бир туугандары менен маек курган. Азамат Ишенбеков камалгандан бир айдан кийин чоң апасынын көзү көрбөй калган.
25-февралда Temirov Live жана “Айт айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажыбек кызы, акын, журналист Азамат Ишенбеков, Айке Бейшекеева жана Актилек Капаровдун иши Жогорку сотто каралды. Жогорку сот аларга чыгарылган райондук жана шаардык соттордун чечимдерин күчүндө калтырды.
Беш жылга эркинен ажыратылган Азамат Ишенбеков жазасын өтөө үчүн Чүйдүн Петровка айылындагы №8 абакка которулду.
2024-жылдын 10-октябрында Ленин райондук соту «Темиров лайв» жана «Айт айт десе» долбоорлорунун директору Махабат Тажыбек кызын 6 жылга, журналист Азамат Ишенбековду 5 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган. Айке Бейшекеева менен Актилек Капаров үч жылдык мөөнөт менен пробацияга чыгарылган.
Махабат Тажыбек кызы, Азамат Ишенбеков жана Айке Бейшекеева кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) боюнча жапырт кармалган 11 журналисттин арасында.