Азамат Ишенбековдун чоң апасы каза тапканы маалымдалды
- 2 месяца мурун
- Видео
Абакта жаза мөөнөтүн өтөп жаткан “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери, акын жана журналист Азамат Ишенбековдун багып өстүргөн чоң апасы Гулира Абдираимакунова каза тапканы маалымдалды. Бул тууралуу социалдык тармакта укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова билдирди.
Буга чейин 1-мартта Жаза аткаруу кызматы абактагы Азамат Ишенбековго Нарынга, сыркоолоп жатка чоң апасын көрүп келүүгө уруксат берилгени маалымдалган.
Адвокат Нурсултан Жаныбеков Азамат Ишенбековго 3-мартка чейин Нарынга барып келүүгө уруксат берилгенин билдирген. Бирок ага Бишкектен Нарынга барууга бир күн эле берилип, чоң апасынын жанында ал 40 мүнөт гана болуп, абакка кайтып келген.
Азамат Ишенбековдун чоң апасын Токмоктон ооруканадан чыгарып, Нарынга алып бара жатышканы жана анын абалы оор экени айтылган.
Буга чейин «ПолитКлиника» медиасы Азамат Ишенбековдун чоң апасы жана бир туугандары менен маек курган. «Жаныма жатчу, апам деп мойнуман жыттап…» деген чоң апасы.
Азамат Ишенбеков камалгандан бир айдан кийин чоң апасынын көзү көрбөй калган.
25-февралда Temirov Live жана “Айт айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажыбек кызы, акын, журналист Азамат Ишенбеков, Айке Бейшекеева жана Актилек Капаровдун иши Жогорку сотто каралды. Жогорку сот аларга чыгарылган райондук жана шаардык соттордун чечимдерин күчүндө калтырды.
Беш жылга эркинен ажыратылган Азамат Ишенбеков жазасын өтөө үчүн Чүйдүн Петровка айылындагы №8 абакка которулду.
2024-жылдын 10-октябрында Ленин райондук соту «Темиров лайв» жана «Айт айт десе» долбоорлорунун директору Махабат Тажыбек кызын 6 жылга, журналист Азамат Ишенбековду 5 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган. Айке Бейшекеева менен Актилек Капаров үч жылдык мөөнөт менен пробацияга чыгарылган.
Махабат Тажыбек кызы, Азамат Ишенбеков жана Айке Бейшекеева кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) боюнча жапырт кармалган 11 журналисттин арасында.
«ПолитКлиника» медиасы Азамат Ишенбековго анын чоң апасы Гулира Абдираимакунованын каза болгондугуна байланыштуу кайгыруу менен көңүл айтат.
Сүрөттө: Азамат Ишенбеков жана анын чоң апасы. Социалдык тармактан.