Убактылуу камакка алынган ЖМК өкүлдөрүнүн баарынын бөгөт чарасы эки айга узартылды

  • 3 месяца мурун

Бүгүн, 17-январда, мурда 48 саатка деп кармалган журналисттер, редакция кызматкерлеринин баары эки айга Бишкектеги СИЗО-1 ге камакка алынды.

Мындай чечимди Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту чыгарды.

Эки айга камакка алынгандар — “Темиров LIVE” редакциясынын кызматкерлери Максат Тажибек уулу, Акыл Орозбеков, кабарчысы Айке Бейшекеева, редакциянын мурдагы кабарчысы, азыр «Нур Пресс» маалымат борборунда иштеген Жоодар Бузумов, “Темиров LIVE” редакциясынын, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкерлери Сапарбек Акунбеков, Азамат Ишенбеков, аталган долбоорлордун директору, иликтөөчү журналист Болот Темировдун өмүрлүк жубайы Махабат Тажибек кызы, “Темиров LIVE” редакциясынын мурдагы журналисти, учурда “Арча Медиада” (мурдагы Next TV медиасы) иштеген Сайпидин Султаналиев жана Актилек Капаров, ошондой эле Жумабек Турдалиев аттуу кызматкер жана 2022-жылы жайында “Темиров LIVE” каналынан кетип, ошол жылдын сентябрынан тартып “ПолитКлиникада” иштей баштаган Тыныстан Асыпбеков эки айга камалышты.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) 16-январда, көз карандысыз бир катар жалпыга маалымдоо каражаттарынын журналисттеринин үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, суракка алынып барышы боюнча маалымат таратты.

12-январда экспертизанын корутундусуна ылайык,  “Айт Айт Десе” жана Temirov Live баракчаларына тиешелүү материалдарда жапырт башаламандыкка чакырыктардын белгилери  бар деп аныкталган. 

Журналисттер 278-берененин 3-бөлүгү (Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) боюнча шектелүүдө. Бул берене боюнча жаза 5 жылдан 8 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Кармалган 11 журналисттин баарынын үйүндө тинтүү жүргүзүлгөн. ИИМ айыпталуучулардын жашаган жерин тинтүү учурунда документтер, уюлдук телефондор, фотораппараттар, ноутбуктар, компьютерлер, планшеттер, техникалык жабдуулар жана банктык карталар табылгандыгын билдирди. Жалпысынан 162 буюм алынгандыгы маалымдалды.

Кармалгандар аларга коюлуп жаткан айыпка макул эместигин билдирүүдө.

Сүрөттө: Камалган айрым ЖМК өкүлдөрү. Социалдык тармактан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты