Азамат Ишенбековго жана Зарина Төрөкуловага президенттин мунапыс жарлыгы менен ырайым берилди
- 1 год мурун
Темиров LIVE долбоорунун журналисти, акын Азамат Ишенбековго жана активист Зарина Төрөкуловага президенттин мунапыс тууралуу жарлыгы менен ырайым берилди.
Президент Садыр Жапаров жаза мөөнөтүн өтөп жаткандарга мунапыс берүү боюнча кол койгон жарлыгынын тизмесиндеги 41 адамдын арасында Азамат Ишенбековдун жана Зарина Төрөкулованын да аты-жөндөрү аталган.
Президент Садыр Жапаров “Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү тууралуу мыйзамга 8-апрелде кол койгон. Мыйзам 2025-жылдын 13-мартында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Темиров LIVE долбоорунун директору Махабат Тажыбек кызы ырайым бергендердин тизмесинде аталган эмес.
2024-жылдын 10-октябрында Ленин райондук соту «Темиров лайв» жана «Айт айт десе» долбоорлорунун директору Махабат Тажыбек кызын 6 жылга, журналист Азамат Ишенбековду 5 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган. Айке Бейшекеева менен Актилек Капаров үч жылдык мөөнөт менен пробацияга чыгарылган.
Махабат Тажыбек кызы, Азамат Ишенбеков, Айке Бейшекеева жана Актилек Капаров кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) боюнча жапырт кармалган.
Зарина Төрөкулова 2023-жылы сентябрда “Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар” беренеси боюнча айыпталган. 2024-жылы 5-апрелде Бишкек шаардык соту жарандык активист Зарина Төрөкуловага берилген пробация мөөнөтүн жокко чыгарган.
Сүрөт: Азамат Ишенбеков жана Зарина Төрөкулова




