Камактагы 4 журналист үй камагына чыгарылды
- 4 месяца мурун
Камактагы 4 журналист үй камагына чыгарылды. Мындай чечимди бүгүн, 9-апрелде Биринчи Май райондук сотунда кабыл алынды.
![Камактагы 4 журналист үй камагына чыгарылды](https://pk.kg/wp-content/uploads/2024/04/49ab0459-6bf7-427e-834f-e7d32e5938d9.jpg)
Үй камагына чыккан журналисттер:
«ПолитКлиника» медиасынын иликтөөчү журналисти Тыныстан Асыпбеков;
«Нур Пресстин» журналисти Жоодар Бузумов;
«Арча медианын» журналисти Сайпидин Султаналиев;
«Темиров Лайвдын» мурдагы кызматкери Максат Тажибек уулу.
![Камактагы 4 журналист үй камагына чыгарылды](https://pk.kg/wp-content/uploads/2024/04/img_20240409_141445-1500x1125.jpg)
16-январдын таңында “Temirov Live”, “Айт Айт Десе”, “ПолитКлиника”, “Арча Медиа” редакцияларынын кызматкерлеринин үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, өздөрү Ички иштер министрлигинин Тергөө башкармалыгына суракка алып келинген. ИИМ кармалган 11 медиа кызматкери Кылмыш-жаза кодексинин 278-берененин 3-бөлүгү (Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) боюнча шектелип жатканын билдирген.
![Камактагы 4 журналист үй камагына чыгарылды](https://pk.kg/wp-content/uploads/2024/04/img_20240409_232429-1500x1217.jpg)
Милициянын маалыматында атайын жүргүзүлгөн экспертизанын жыйынтыгында “Айт Айт Десе” жана “Temirov Live” баракчаларына тиешелүү материалдарда жапырт башаламандыкка чакырыктардын белгилери бар” деп аныкталганы айтылат.
![Камактагы 4 журналист үй камагына чыгарылды](https://pk.kg/wp-content/uploads/2024/04/img_20240409_140921_1-1500x1125.jpg)
17-январда Бишкектин Биринчи май райондук соту кармалган 11 журналист жана медиа кызматкерлерин эки айга камакка алуу тууралуу чечим чыгарган.
Алар:
«Темиров LIVE» редакциясынын, «Айт, айт десе» долбоорунун директору, иликтөөчү журналист Болот Темировдун жубайы Махабат Тажыбек кызы;
«Темиров LIVE» редакциясынын кызматкерлери Максат Тажыбек уулу, Акыл Орозбеков, Айке Бейшекеева, Сапарбек Акунбеков, Азамат Ишенбеков;
Аталган редакциянын мурдагы кызматкери, «Нур пресс» медиасынын журналисти Жоодар Бузумов,
Редакциянын мурдагы журналисти, учурда «Арча Медиада» (мурдагы Next TV медиасы) иштеген Сайпидин Султаналиев;
Редакциянын мурдагы журналисти, азыр «Алга Медианы» иштетип жаткан Актилек Капаров;
Редакциянын мурдагы кызматкери Жумабек Турдалиев;
Редакциянын мурдагы кызматкери, учурда “ПолитКлиника” медиасынын журналисти Тыныстан Асыпбеков.