«Апам деп мойнуман жыттап…» Абактагы Азамат Ишенбековго чоң апасы менен көрүшүүгө уруксат берилди
- 2 недели мурун
- Видео
Абакта жаза мөөнөтүн өтөп жаткан “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери, акын жана журналист Азамат Ишенбековго сырколоогон чоң апасына жолугушууга Жаза аткаруу кызматы 3-мартка чейин Нарынга барып келүүгө уруксат берди.
Бул тууралуу “ПолитКлиника” медиасына анын адвокаты Нурсултан Жаныбеков билдирди.
Азамат Ишенбековдун чоң апасын Токмоктон ооруканадан чыгарып, Нарынга алып бара жатышканы жана анын абалы оор экени айтылган. Социалдык тармактарда Азамат Ишенбековго чоң апасы менен көрүшүүгө уруксат берип коюу боюнча өтүнүчтөр жазылган.
Буга чейин «ПолитКлиника» медиасы Азамат Ишенбековдун чоң апасы жана бир туугандары менен маек курган. «Жаныма жатчу, апам деп мойнуман жыттап…» деди анда чоң апасы.
Азамат Ишенбеков камалгандан бир айдан кийин чоң апасынын көзү көрбөй калган.
25-февралда Temirov Live жана “Айт айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажыбек кызы, акын, журналист Азамат Ишенбеков, Айке Бейшекеева жана Актилек Капаровдун иши Жогорку сотто каралды. Жогорку сот аларга чыгарылган райондук жана шаардык соттордун чечимдерин күчүндө калтырды.
Беш жылга эркинен ажыратылган Азамат Ишенбеков жазасын өтөө үчүн Чүйдүн Петровка айылындагы №8 абакка которулду.
2024-жылдын 10-октябрында Ленин райондук соту «Темиров лайв» жана «Айт айт десе» долбоорлорунун директору Махабат Тажыбек кызын 6 жылга, журналист Азамат Ишенбековду 5 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган. Айке Бейшекеева менен Актилек Капаров үч жылдык мөөнөт менен пробацияга чыгарылган.
Махабат Тажыбек кызы, Азамат Ишенбеков жана Айке Бейшекеева кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) боюнча жапырт кармалган 11 журналисттин арасында.
Сүрөттө: Азамат Ишенбеков. «ПолитКлиника». 27-март, 2024-жыл