Amnesty International уюму Махабат Тажибек кызын бошотуу боюнча петиция жарыялады
- 8 месяцев мурун
Эл аралык Amnesty International уюму иликтөөчү журналист Болот Темировдун жубайы, журналист Махабат Тажибек кызын бошотуу боюнча петиция жарыялады.
“Журналист Махабат Тажибек кызы коррупцияны айыптап, социалдык теңсиздикти, жакырчылыкты чагылдырганы үчүн түрмөдө жаза мөөнөтүп өтөп жатат. 2022-жылы Махабат Тажибек кызы Кыргызстандагы белгилүү ЖМКнын бири Temirov Live басылмасын жетектеп турган, басылма жогорку деңгээлдеги божомолдонгон коррупцияны айыптап, социалдык көйгөйлөрдү, социалдык теңсиздикти чагылдырган. Бул маанилүү иш тобокелчиликти талап кылат. Бийлик көз карандысыз журналистикага репрессияны катаалдатканда, Махабатка да чабуул жасалган. 2023-жылдын декабрь айында аны түрмөгө камоо, кыйноо менен коркутушса да, өз ишин улантууга бел байлаган. 2024-жылы октябрь айында Махабат Тажибек кызы алты жылга эркинен ажыратылган».
“Махабат Тажибек кызын тезинен бошотууга, кылмыш ишин кайра кароого чакырган петицияга кол коюңуз” деп айтылат билдирүүдө.
Петицияга бул шилтеме менен кирип, кол коюуга болот.
2024-жылы 10-октябрда Бишкек шаарынын Ленин райондук соту «Темиров лайв» жана «Айт айт десе» долбоорлорунун директору Махабат Тажибек кызын 6 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарды.
2025-жылы 25-февралда Жогорку сот Temirov Live жана “Айт айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызына чыгарылган райондук жана шаардык соттордун чечимдерин күчүндө калтырды.
Ички иштер министрлиги “Айт Айт Десе” жана “Temirov Live” баракчаларындагы массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен иш козголгонун билдирген.
Сүрөт: Amnesty International




