Журналист Санрабия Сатыбалдиева эч жакка кетпөө кепилдиги менен бошотулду  

  • 1 год мурун

«Опузалап акча талап кылууга» шек саналып кармалган «МИР 24kg» порталынын башкы директору Санрабия Сатыбалдиева тергөөчүнүн «эч жакка кетпөө» тууралуу токтомунун негизинде бошотулду.

Бул тууралуу укук коргоочу Азиза Абдирасулова билдирди.

Учурда Санрабия Сатыбалдиева республикалык ооруканада дарыланып жатат.

Ички иштер министрлигинин башкы тергөө башкармалыгы тарабынан журналист Санрабия Сатыбалдиева 48 саатка кармалганы кабарланган. Аны 4-ноябрга караган түнү, түнкү сааат 1де алып кетишкен. Анын кош бойлуу экенине, дарыгерлер «боюнан түшүү коркунучу бар» дегенине да карашкан эмес Ошондой эле оператор Калыс Ашырбеков да кармалган.

Кармалгандан кийин кош бойлуу Санрабия Сатыбалдиева ооруканага түшкөнү кабарланды. Ооруканага алынган жеринен да аны күч менен милиция алып кеткенин укук коргоочу Азиза Абдирасулова маалымдаган.

Санрабия Сатыбалдиевага кылмыш жаза-кодексинин 208 беренесинде (Опузалап талап кылуу) каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүргүзүлүп жатканын ИИМ кабарлаган.

Сатыбалдиева менен кошо оператор Калыс Ашырбаев да аталган кылмышка шектелгендиги белгиленген.

ИИМдин маалыматында шектүүлөр аталган кылмышты жасагандыгын мойнуна алгандыгы айтылган. Бирок Сатыбалдиева ал кылмышты мойнуна албагандыгын жана бул жалаа жабуу экендигин билдиргендиги маалым болду.

Укук коргоочу Азиза Абдирусованын айтымында, Калыс Ашырбаев убактылуу кармоочу жайда кармалууда.

Сүрөт: Видеодон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты