ИИМ Санрабия Сатыбалдиеванын акча опузалоо боюнча кармалганын билдирди (Видео)

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы «МИР 24kg» порталынын башкы директору Санрабия Сатыбалдиеванын жана оператор Калыс Ашырбековдун акча опузалоо фактысы боюнча кармалганын билдирди.

ИИМдин маалыматында мындай деп айтылат:

«2022-жылдын жылдын 3-ноябрында 2000 АКШ долларын өткөрүп берүү учурунда 2016-2017-жылдардагы соцтармактарда жарыяланган аудиожазууларды шантаж кылуу жолу менен Жогорку Кеңештин депутаттарынан акча каражатын туруктуу негизде талап кылган бир катар адамдар кармалган.  Кылмыштын негизги аткаруучусу болуп «МИР24.kg» маалымат порталынын башкы директору “С.С.К.” жана ошол эле учурда Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамовдун пиар-менеджери болуп саналат.
Ошондой эле бул кылмышка көмөктөшкөндүктөрү үчүн шектелип «МИР24.kg» маалыматтык порталдын оператору — “Б.у.К.” жана “Жорго-Такси” компаниясынын айдоочусу Өзбекстан Республикасынын жараны “М.М.Х.” кармалышты» деп айтылат ИИМдин маалыматында.

Санрабия Сатыбалдиева бул «подстава» -жалаа жабуу экенин билдирди.

ИИМ Санрабия Сатыбалдиеванын акча опузалоо боюнча кармалганын билдирди (Видео)

Учурда кылмыш жаза-кодексинин 208 беренесинде (Опузалап талап кылуу) каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Кармалган жарандар бул кылмышты жасагандыгы жөнүндө мойнуна алып, өз көрсөтмөлөрүн беришкени белгиленди.

Ички иштер министрлигинин башкы тергөө башкармалыгы тарабынан журналист Санрабия Сатыбалдиева 48 саатка кармалганы кабарланган. Аны 4-ноябрга караган түнү, түнкү сааат 1де алып кетишкен. Анын кош бойлуу экенине, дарыгерлер «боюнан түшүү коркунучу бар» дегенине да карашкан эмес Ошондой эле оператор Калыс Ашырбеков да кармалган.

Кармалгандан кийин кош бойлуу Санрабия Сатыбалдиева ооруканага түшкөнү кабарланды. Ооруканага алынган жеринен да аны күч менен милиция алып кеткенин укук коргоочу Азиза Абдирасулова маалымдады.

Сүрөт жана видео: ИИМдин басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты