Журналист Санрабия Сатыбалдиева 48 саатка кармалды

  • 1 год мурун

Ички иштер министрлигинин башкы тергөө башкармалыгы тарабынан журналист Санрабия Сатыбалдиева 48 саатка кармалды. Аны 4-ноябрга караган түнү, түнкү сааат 1де алып кетишкен. Анын кош бойлуу экенине, дарыгерлер «боюнан түшүү коркунучу бар» дегенине да карашкан эмес Ошондой эле оператор Калыс Ашырбеков да кармалган. Булар эмне себептен кармалганы азырынча белгисиз.

Бул тууралуу укук коргоочу Азиза Абдирасулова Фейсбук баракчасында билдирди.

-Санрабия Сатыбалдиева 48 саатка кармалып,  убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Врач ага “боюнан түшүп калуу коркунучу бар” деп тыянак чыгарды. Оператор Калыс Ашырбеков да ИИМдин башкы тергөө башкармалыгында сурак берүүдө,-деп жазды укук коргоочу Азиза Абдирасулова .  

-Санраьия Сатыбалдиеванын үйүн тинтишип, саат түнкү бирде алып кетишкен.

Сүрөт: Фейсбук социалдык тармагынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты