48 саатка кармалган журналист Санрабия Сатыбалдиева ооруканага  түштү

  • 1 год мурун

Милиция тарабынан 48 саатка кармалган кош бойлуу журналист Санрабия Сатыбалдиева ооруканага түштү. Оператор Калыс Ашырбеков убактылуу кармоочу жайга камалды.

Бул тууралуу укук коргоочу Азиза Абдирасулова билдирди.

 Ички иштер министрлигинин башкы тергөө башкармалыгы тарабынан журналист Санрабия Сатыбалдиева 48 саатка кармалганы кабарланган. Аны 4-ноябрга караган түнү, түнкү сааат 1де алып кетишкен. Анын кош бойлуу экенине, дарыгерлер «боюнан түшүү коркунучу бар» дегенине да карашкан эмес Ошондой эле оператор Калыс Ашырбеков да кармалган. Булар эмне себептен кармалганы азырынча белгисиз.

Сүрөттө: Санрабия Сатыбалдиева. Социалдык тармактан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты