Журналист Канышай Мамыркулова УКМКга күбө катары сурак берди

  • 6 месяцев мурун

Эркин журналист Канышай Мамыркулова бүгүн, 13-ноябрда, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине сурак берип чыкты.

Бул тууралуу ал өзү билдирип, “УКМКнын суроолоруна жооп бердим, алар дагы, мен дагы мыйзам бузган жокпуз” деди.

Мамыркулова “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү Замирбек Шамшидин уулунун ишине байланыштуу суралган.

Бүгүн Жогорку Кеңештин абакта жаткан депутаты Адахан Мадумаровдун жээни Элмурат Калыбеков да Улуттук копсуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМК) бүгүн, 13-ноябрда, суракка чакырылганы да маалым болгон.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 25-сентябрдагы чечими менен “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын мүчөсү Замирбек Шамшидин уулу камакка алынган.

Шамшидин уулунун адвокаты Алманбет Бексултановдун айтымында, кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (“Бийликти күч менен басып алууга чакырыктар”) менен кылмыш иши 8-сентябрда козголгон. 13-сентябрдагы Бишкек шаардык сотунун имаратынын алдындагы митингден кийин 278-беренеге (“Массалык баш аламандыктар”) алмаштырылган.

13-сентябрда Бишкек шаардык сотунун алдында Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровдун жактооочуларынын митинги өткөн. Анда митингчилер “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын лидери Мадумаровду бошотуу талабын коюшкан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты