Адахан Мадумаровдун жээни УКМКга суракка чакырылды

  • 6 месяцев мурун

Абактагы Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровдун жээни Элмурат Калыбеков Улуттук копсуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМК) бүгүн, 13-ноябрда, суракка чакырылды.

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Актилек Орозбеков бул тууралуу «Азаттыкка» билдирди.

Маалыматта Элмурат Калыбеков 21-сентябрда кармалган Замирбек Шамшидин уулунун иши боюнча көрсөтмө берери маалым болду.

«Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын мүчөсү Элмурат Калыбеков партия лидери Адахан Мадумаровду колдоо акцияларында бийликти сындап сүйлөп жүргөн.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 25-сентябрдагы чечими менен “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын мүчөсү Замирбек Шамшидин уулу камакка алынды.

13-сентябрда Бишкек шаардык сотунун алдында Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровдун жактооочуларынын митинги өткөн. Анда митингчилер “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын лидери Мадумаровду бошотуу талабын коюшкан.

“Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровду 2-сентябрда Бишкекте Ички иштер министрлигинин (ИИМ) атайын даярдыктагы отрядынын кызматкерлери кармап кеткен.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) тергөө кызматы тарабынан Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровго мамлекетке чыккынчылык кылуу боюнча айып коюлуп жатканын айтып, билдирүү тараткан.

Соңку эки жылда “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын 18ден ашык мүчөсү бийлик тарабынан камоолорго, кысымдарга кабылгандыгы айтылып келет.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты