Сот Махабат Тажибек кызына Лондонго сыйлык алууга барууга уруксат берүү өтүнүчүн четке какты

  • 2 недели мурун

Бүгүн, 25-августта, Бишкек шаарынын Ленин райондук соту журналист Махабат Тажибек кызына Лондон шаарына Клуни фондунун The Albies сыйлыгын алууга барууга уруксат берүү өтүнүчүн четке какты.

Мындай чечим анын оор берене менен айыпталып жаткандыгынан улам, чет өлкөгө чыгууга болбой турганын белгиледи.    

Бүгүн, 25-сентябрда, Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда иликтөөчү журналист Махабат Тажибек кызынын ишин кайра баштан кароо боюнча биринчи отурум өттү. Сот ачык өттү, бирок фото жана видео тартууга уруксат берилген жок.

Сотто жактоочу тарап Махабат Тажибек кызын эл аралык Клуни фондунун The Albies сыйлыгын алуу үчүн Лондон шаарына барууга уруксат берүү өтүнүчүн келтирген. Бирок ал өтүнүч четке кагылды.   

Кийинки сот отуруму 9-сентябрда саат 15:00дө өтөрү белгилүү болду.     

2026-жылдын 23-февралында журналист Махабат Тажибек кызы соттун чечиминен кийин №2 түзөтүү жайынан үйгө бошотулган

Бишкек шаарынын Ленин райондук соту журналист Махабат Тажибек кызын эч жакка чыкпоо шарты менен бошотуу чечимин кабыл алды. Бирок сот башка чечимдерди өзгөрткөн жок.

23-мартта журналист Махабат Тажибек кызынын иши боюнча алдын ала угуулар өттү.

2026-жылы 10-мартта Жогорку сот журналист Махабат Тажибек кызынын ишин жаңы жагдайларга байланыштуу кайра карап, буга чейинки чечимдери жокко чыгарып, ишти кайра кароого Бишкек шаарынын Ленин райондук сотуна жөнөткөн.

Жогорку сот Махабат Тажибек кызын алты жылга эркинен ажыраткан Ленин райондук сотунун 2024-жылдын 10-октябрындагы чечими, 2024-жылдын 18-декабрындагы аны күчүндө калтырган Бишкек шаардык сотунун чечими жана эки инстанциянын чечимдерин күчүндө калтырган Жогорку соттун 2025-жылдын 25-февралындагы өкүмү жокко чыгарылды.

Буга чейин журналисттин ишин караган Бириккен Улуттур Уюмунун (БУУ) жумушчу тобу 2025-жылдын 16-ноябрында Махабат Тажибек кызынын кармалышы мыйзамсыз жана ал бошотулууга тийиш экенин расмий билдирген.  

Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту тарабынан райондук прокуратуранын доо арызы канааттандырылып, Temirov Live, Kloop. kg « Айт Айт Десе” медиа долбоорлорунун маалыматтык материалдары экстремисттик деп табылган.

Сүрөттө: Махабат Тажибек кызы. Интернет булактарынан

 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты