Махабат Тажибек кызынын ишин кайра башынан кароо боюнча кийинки сот отуруму 9-сентябрда болот
- 2 недели мурун
Бүгүн, 25-сентябрда, Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда иликтөөчү журналист Махабат Тажибек кызынын ишин кайра баштан кароо боюнча биринчи отуруму өттү.
Сотто жактоочу тарап Махабат Тажибек кызын эл аралык Клуни фондунун The Albies сыйлыгын алуу үчүн Лондон шаарына барууга уруксат берүү өтүнүчүн келтирди.
Кийинки сот отуруму 9-сентябрда саат 15:00 дө өтөрү белгилүү болду.
2026-жылдын 23-февралында журналист Махабат Тажибек кызы соттун чечиминен кийин №2 түзөтүү жайынан үйгө бошотулган
Бишкек шаарынын Ленин райондук соту журналист Махабат Тажибек кызын эч жакка чыкпоо шарты менен бошотуу чечимин кабыл алды. Бирок сот башка чечимдерди өзгөрткөн жок.
23-мартта журналист Махабат Тажибек кызынын иши боюнча алдын ала угуулар өттү.
Алдын ала угууда жактоочулар кылмыш ишин токтотуу жана журналистти камактан токтоосуз бошотуу тууралуу өтүнүч келтиришти. Прокурор дагы камактан башка баш коргоо чарасын тандоону суранды.
2026-жылы 10-мартта Жогорку сот журналист Махабат Тажибек кызынын ишин жаңы жагдайларга байланыштуу кайра карап, буга чейинки чечимдери жокко чыгарып, ишти кайра кароого Бишкек шаарынын Ленин райондук сотуна жөнөттү.
Жогорку сот Махабат Тажибек кызын алты жылга эркинен ажыраткан Ленин райондук сотунун 2024-жылдын 10-октябрындагы чечими, 2024-жылдын 18-декабрындагы аны күчүндө калтырган Бишкек шаардык сотунун чечимин жана эки инстанциянын чечимдерин күчүндө калтырган Жогорку соттун 2025-жылдын 25-февралындагы өкүмү жокко чыгарылды.
Буга чейин журналисттин ишин караган Бириккен Улуттур Уюмунун (БУУ) жумушчу тобу 2025-жылдын 16-ноябрында Махабат Тажибек кызынын кармалышы мыйзамсыз жана ал бошотулууга тийиш экенин расмий билдирген.
Буга байланыштуу жактоочулар Жогорку сотко жаңы жагдайлар боюнча ишти кайрадан кароо керектиги боюнча кайрылган.
Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту тарабынан райондук прокуратуранын доо арызы канааттандырылып, Temirov Live, Kloop. kg « Айт Айт Десе” медиа долбоорлорунун маалыматтык материалдары экстремисттик деп табылган.
2025-жылы 10-октябрда Ленин райондук соту «Темиров лайв» жана «Айт айт десе» долбоорлорунун директору Махабат Тажибек кызын 6 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган.
Сүрөттө: Махабат Тажибек кызы. Интернет булактарынан




