Жогорку сот Махабат Тажыбек кызы, Азамат Ишенбеков жана Айке Бейшекеева боюнча район, шаар сот чечимдерин күчүндө калтырды

  • 3 недели мурун

Бүгүн, 25-февралда, Temirov Live жана “Айт айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажыбек кызы, акын, журналист Азамат Ишенбеков жана Айке Бейшекеева жана Актилек Капаровдун иши Жогорку сотто каралды. Жогорку сот аларга чыгарылган райондук жана шаардык соттордун чечимдерин күчүндө калтырды.

Бул тууралуу сотту чагылдырууга барган «ПолитКлиника» медиасынын журналисти билдирди.

Махабат Тажыбек кызы Чүйдөгү №2 аялдар абагында жаза өтөп жатат. Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Чүйдөгү №2 аялдар абагына мониторингге барып келгенин билдиришти. Институттун кызматкерлери журналист Махабат Тажыбек кызы менен баарлашкан.

“Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери, беш жылга эркинен ажыратылган акын Азамат Ишенбеков жазасын өтөө үчүн Чүйдүн Петровка айылындагы №8 абакка которулду.

2024-жылдын 10-октябрында Ленин райондук соту «Темиров лайв» жана «Айт айт десе» долбоорлорунун директору Махабат Тажыбек кызын 6 жылга, журналист Азамат Ишенбековду 5 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган. Айке Бейшекеева менен Актилек Капаров үч жылдык мөөнөт менен пробацияга чыгарылган.

Махабат Тажыбек кызы, Азамат Ишенбеков жана Айке Бейшекеева кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) боюнча жапырт кармалган 11 журналисттин арасында.

Ленин райондук соту журналисттер Актилек Капаров менен Айке Бейшекеева үч жылдык мөөнөт менен пробацияга чыгарып, калган журналисттерди — Акыл Орозбеков, Жумабек Турдалиев, Жоодар Бузумов, Сапарбек Акунбеков, Сайпидин Султаналиев, Максат Тажыбек уулу жана “ПолитКлиникадан” Тыныстан Асыпбековду актоо чечимин чыгарган.

Жогорку сот Махабат Тажыбек кызы, Азамат Ишенбеков жана Айке Бейшекеева боюнча район, шаар сот чечимдерин күчүндө калтырды

Сүрөт: Жогорку сотто. 25-февраль 2025-жыл. «ПолитКлиника»

Баш сүрөт: Соттук отурум учурунда. 18-декабрь 2024. «ПолитКлиника»

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты