Жогорку Кеңеш жыйынынын уландысы жабык өтө турган болду  

  • 3 года мурун

Бүгүн, 7-январда, Жогорку Кеңеште  Кыргызстандын ЖККУнун алкагында Казакстанга бейпил аскер күчтөрүн киргизүүгө байланыштуу кезексиз парламент жыйыны ачык өтүп жаткан.  Талкуулар кызуу болуп жаткандыгына байланыштуу жыйынды андан ары жабык өткөрүү чечими кабыл алынды.

7-январдагы жалпы жыйынга парламент комитетинин тартибинде депутат  Улан Примов төрагалык кылууда.  

Кыргызстандан 150 аскер жөнөтүлөрү божомолдонуп жатканы айтылды.

Депутаттар маселени талкуулап жатканда Ташиев жыйынды жабык өткөрүү керек экенин айтса, аны Министрлер кеңешинин төрагасы Акылбек Жапаров  колдоду. Депутат Нарматова мамлекеттик сыр катары чечишип алууну сунуштады. Жыйынтыгында парламент жыйыны жабык өтө турган болду.

Буга чейин Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев ЖККУга мүчө-мамлекеттердин жетекчилеринен жардам сураган. Казакстандын Президенти Токаев Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, чет өлкөлөрдөн даярдыктан өтүп келген банда Казакстанга кол салганын, муну агрессия актысы катары баалаш керек экенин билдирди.  

Социалдык түйүн колдонуучулары Токаевдин бул чечимин сындап, чет өлкөлүк аскерлердин кирише каршы пикирлерин жазып жатышат. Бишкекте буга каршы пикет да өттү.

ЖККУга Армения, Беларус, Кыргызстан, Казакстан, Орусия жана Тажикстан кирет.

Сүрөт: «ПолитКлиника».

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты