Жогорку Кеңеш ЖККУ алкагында Казакстанга аскер күчтөрүн киргизүү маселесин карап жатат

  • 2 года мурун

Бүгүн, 7-январда, Жогорку Кеңеште  ЖККУнун алкагында Кыргызстандын бейпил күчтөрүнүн Казакстанга киргизүүгө байланыштуу кезексиз парламент жыйыны өтүүдө. Күн тартибинде бир гана маселе – ЖККУнун бейпил күчтөрүнүн алкагында Кыргызстандын Казакстанга аскер киргизүүсү.

Кечээ парламентте кворум болбой, жыйын өтпөй калган.  Бүгүн кворум болуп, 53 депутат катышууда.   

7-январдагы жалпы жыйынды парламент комитетинин тартибинде депутат  Улан Примов төрагалык кылууда.  

Жыйында Министрлер кеңешинин төрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев чакан баяндама жасады. Ал маселеде аскердик сыр болушу мүмкүн экенин, бирок Президент Садыр Жапаров жыйын ачык өтүшүн талап кылып, аскердик сырды сактоого аракет кылууну суранганын билдирди.  

Кыргызстандан 150 аскер жөнөтүлөрү божомолдонуп жатканы айтылды.

Депутаттар маселени талкуулап жатышат.

Буга чейин Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев ЖККУга мүчө-мамлекеттердин жетекчилеринен жардам сураган. Казакстандын Президенти Токаев Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, чет өлкөлөрдөн даярдыктан өтүп келген банда Казакстанга кол салганын, муну агрессия актысы катары баалаш керек экенин билдирди.  

Социалдык түйүн колдонуучулары Токаевдин бул чечимин сындап, чет өлкөлүк аскерлердин кирише каршы пикирлерин жазып жатышат. Бишкекте буга каршы пикет да өттү.

ЖККУга Армения, Беларус, Кыргызстан, Казакстан, Орусия жана Тажикстан кирет.

Сүрөт: ПолитКлиника/Чолпонбек Сабырбеков

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты