Россиядагы парламенттик шайлоо: Куттуктоо
- 3 недели мурун
- Жаңылыктар
Садыр Жапаров Россияын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоонун ийгиликтүү өткөрүлгөнүнө байланыштуу президент Владимир Путинге куттуктоо телеграммасын жөнөттү.
“Сиздин жетекчилигиңиз астында жаңы чакырылыштагы Мамлекеттик Дума Россия Федерациясынын алдында турган масштабдуу милдеттерди ишке ашырууга жана өлкөнүн туруктуу өнүгүшүнө олуттуу салым кошот деп ишенем. Кыргыз Республикасы өлкөлөрүбүздүн мыйзам чыгаруу органдарынын ортосунда калыптанган тыгыз кызматташтыкка өзгөчө маани берет. Парламенттер аралык байланыштар кыргыз-орус стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелеринин маанилүү бөлүгү болуп саналат” деп айтылат куттуктоодо.
20-сентябрда Россияда Мамлекеттик Думага шайлоолор өттү. Шайлоого келгендердин саны 59,32 % болгондугун БШК башчысы Элла Памфилова билдирди.
Шайлоо протоколдорунун 95, 18%ы саналгандан кийин “Бирдиктүү Россия” партиясы -57,83%, КПРФ— 13,81%, ЛДПР— 8,98%, «Жаңы адамдар” партиясы— 7,96%, Акыйкат Россия» 4,96% добуш алды.
Иллюстрациялык сүрөт: ТАСС/Дмитрий Ягодкин




