Боом капчыгайына жарык орнотуу маселеси көтөрүлдү
- 1 месяц мурун
- Жаңылыктар
Бүгүн, 9-сентябрда, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Болт Сагынаев Боом капчыгайына жарык орнотуу маселесин көтөрдү.
-Жайы бою Көлдө кандай гана иш чаралар өттү, атап айтсак, “Формула-1”, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өттү, көптөгөн туристтер Көл өрөөнүбүзгө каттап жатат. Кеминден ары жолдун жарыктандыруусу даяр болуп калды, Балыкчыдан бери да жарыктандыруу келе жатат. Бир гана эң кооптуу Боом участогу калды. Боом участогун жарыктандыруу маселесин карап берсеңиздер, себеби миллиондогон туристтер жана өзүбүздүн жарандар каттап жатат,-деди депутат Сагынаев.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




