Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында бир катар документтерге кол коюлду
- 1 месяц мурун
- Баяндар
Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин сайтында маалымат берилди жана документтердин тизмеси саналды.
Документтердин тизмеси:
-«Евразия экономикалык комиссиясынын чек ара аралык рыноктордогу атаандаштыктын абалы жана аларда атаандаштыктын жалпы эрежелерин бузууларды алдын алуу боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө 2025-жылга карата жылдык баяндамасы жөнүндө» тескеме;
-Евразия экономикалык биримдигинин алкагында товарлар менен электрондук соода кылуу жөнүндө макулдашуу;
-Евразия экономикалык биримдигине мүчө бир мамлекеттин брокерлеринин жана дилерлеринин мүчө башка мамлекеттердин биржаларындагы (соода уюштуруучуларындагы) уюштурулган соодага катышуусуна жол берүү жөнүндө макулдашуу;
-Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин чегинде окумуштуулук наамдарды ырастаган документтерди өз ара таануу жөнүндө макулдашуу;
-«Евразия экономикалык комиссиясынын чечимдеринин долбоорлоруна жана Евразия экономикалык биримдигинин алкагындагы эл аралык келишимдердин долбоорлоруна карата жөнгө салуучулук таасирди баалоо жол-жоболорун жүргүзүүгө мониторинг жүргүзүү, ошондой эле 2024–2025-жылдары Евразия экономикалык комиссиясынын кабыл алынган чечимдеринин иш жүзүндөгү таасирин баалоо боюнча Евразия экономикалык комиссиясынын отчету жөнүндө» тескеме;
-«Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын убактысы жана өткөрүлүүчү жери жөнүндө» тескеме.
Жыйынга Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Беларусь премьер-министри Александр Турчин, Казакстан премьер-министри Олжас Бектенов, Россия өмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин, ошондой эле Евразия экономикалык биримдигине байкоочу мамлекет катары иш-чараларга Өзбекстан премьер-министри Абдулла Арипов жана Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Бакытжан Сагинтаев катышты.
Сүрөт: gov.kg




