Жогорку Кеңеш үч министрди кызматка дайындоого макулдук берди

  • 8 месяцев мурун

Бүгүн, 13-сентябрда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында  Алымкадыр Бейшеналиевди саламаттык сактоо министри, Нурия Кутнаеваны  санариптик өнүктүрүү министри, ал эми Гүлнара Баатырованы эмгек социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматына дайындоого макулдук берүү маселеси каралды жана алардын талапкерлиги жактырылды.

Президенттин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов талапкерлер боюнча маалымат берди.

Буга чейин президент Жапаровдун жарлыгы менен Алымкадыр Бейшеналиев, Нурия Кутнаева жана Гүлнара Баатырова министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

Сүрөттө: Нурия Кутнаева. kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты