Алымкадыр Бейшеналиев саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

  • 8 месяцев мурун

Алымкадыр Бейшенлаиев саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Саламаттык сактоо министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Алымкадыр Бейшеналиевдин  талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилгени белгиленди.

Алымкадыр Бейшеналиев бир жыл мурда саламаттык сактоо министри кызматынан президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен бошотулган.

Башкы прокуратура Бейшеналиевди 2-июнда коронавируска каршы вакцина сатып алуудагы коррупцияга байланыштуу кармап, ага карата 7 кылмыш ишин козгогон. Андан соң министр ээлеген кызмат ордунан убактылуу четтетилген.

Өткөн жылы 16-августта Бейшеналиевге вакцинага байланыштуу козголгон кылмыш иши токтотулганын анын адвокаты Кайсын Абакиров билдирген. Ал Ички иштер министрлиги кылмыштын курамы жок болгондуктан ушундай чечим чыгарганын белгилеген.

Сүрөт: «ПолитКлиника».

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты