Гүлнара Баатырова эмгек министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

  • 8 месяцев мурун

Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык Гүлнара Баатырова мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Гүлнара Баатырованын талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.

Гүлнара Баатырова буга чейин саламаттык сактоо министри болуп дайындалган. Парламент саламаттык сактоо министри кызматына Гүлнара Баатырованы дайындоого макулдук берген.

Саламататтык сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп Алымкадыр Бейшеналиев дайындалды.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты