Нурия Кутнаева санариптик өнүктүрүү министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

  • 8 месяцев мурун

Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, Нурия Кутнаева санариптик өнүктүрүү министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Нурия Кутнаеванын талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.

Ал эми бул кызматта иштеп келген Талантбек Иманов бошотулуп, Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору болуп дайындалды.

Нурия Кутнаева Жеке маалыматтарда коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп иштеген. Алмамбет Касымбеков Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун милдеттерин убактылуу аткаруучу болуп дайындалды

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты