ЖМК боюнча жаңы мыйзам долбоору: Министр эки айда иштеп чыгуу керектигин билдирди

  • 4 недели мурун

29-мартта маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорун иштеп чыгуу үчүн түзүлгөн жумушчу топтун мүчөлөрү менен жолугушту.

“Азаттыктын” маалымдашы боюнча, министр эки айдын ичинде мыйзамдын жаңы долбоорун иштеп чыгып, президенттик администрацияга жиберүү керек экенин айтты.

“Жалпыга маалымдоо каражаттарын каттоону татаалдатууга биздин министрлик да каршы. Сиздер менен мыйзам долбоору боюнча конструктивдүү иштешүүгө даярбыз” деди ал.

Жумушчу топтун мүчөлөрү болуп, “Медиа Полиси” институтунун юристи Нурбек Сыдыков, Kaktus.media басылмасынын негиздөөчүсү Дина Маслова, “Азаттыктын” кызматкери Кубат Оторбаев, Next TV телеканалынын башкы продюссери Дмитрий Ложников, Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев, юрист Акмат Алагушев да кирди.

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен 13-мартта жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө мыйзам долбоору кайтарылып алынган.

Буга чейин мамлекет башчы өлкөнүн жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилери менен жолугушуу өткөрүп, анда кызуу талкууланган маселелердин бири Жогорку Кеңеште каралып жаткан “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзамынын долбоору болду.

Жолугушуунун жыйынтыгында, президент Садыр Жапаров ЖМК өкүлдөрүнүн маалыматын угуп жана аталган мыйзам долбоору боюнча алардан түшкөн сунуштарды эске алуу менен бул мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыгууну тапшырды.

30-январда Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинде “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору каралды жана биринчи окууда жактырды.

Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Конституциясына, жарандык жана саясий укуктардын эл аралык пактына каршы келет. Мыйзам долбоорунда ыйгарым укуктуу органдар – маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин, юстиция министрлигинин пикирлери эске алынбай калган деп белгилеп, Медиа Полиси Институту негизги алешемдиктерди атаган.  

Сүрөт: Комиссиянын жыйыны. 29-март. Социалдык тармактан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты