Президенттин тапшырмасы менен ЖМК жөнүндө мыйзам долбоору иштеп чыгуу үчүн кайтарылды

  • 2 месяца мурун

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө мыйзам долбоору кайтарып алынды.

Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алакөзов Фейсбук баракчасында билдирди.   

Буга чейин мамлекет башчы өлкөнүн жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилери менен жолугушуу өткөрүп, анда кызуу талкууланган маселелердин бири Жогорку Кеңеште каралып жаткан “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзамынын долбоору болду.

Жолугушуунун жыйынтыгында, Президент Садыр Жапаров ЖМК өкүлдөрүнүн маалыматын угуп жана аталган мыйзам долбоору боюнча алардан түшкөн сунуштарды эске алуу менен бул мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыгууну тапшырды.

30-январда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинде “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору каралды жана биринчи окууда жактырды.

13-февралда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинде ЖМК жөнүндө мыйзам долбоору каралды жана өтпөй калды.

Депутат Гуля Кожокулова мыйзамды чийки деп сындап, өлкөдө сөз эркиндигине доо кетире турганын айтты. Ал эми депутат Жанар Акаев бул мыйзам долбоорун иштеп чыгуу керектигин билдирди.

Жогорку Кеңештин сайтында Министрлер кабинети тарабынан жөнөтүлгөн «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзам долбоору жарыяланды. Мыйзам долбоорунун жарыялоо убактысы 2023-жылдын 15-декабры деп көрсөтүлгөн.  Мыйзам долбооруна регулятивдик таасир анализи (АРВ) жана жумушчу топтун айрым мүчөлөрүнүн өзгөчө пикирлери берилген.  

Ошону менен бирге эле Медиа Полиси Институту «ЖМК жөнүндө» мыйзам долбоору президент Садыр Жапаровдун 2022-жылдын 7-декабрындагы медиасектордон кирген жумушчу топтун пикирлерин эске албай түзүлгөндүгүн жана Кыргызстандагы сөз эркиндигине олуттуу залакасын тийгизээрин белгиледи.  

Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Конституциясына, жарандык жана саясий укуктардын эл аралык пактына каршы келет. Мыйзам долбоорунда ыйгарым укуктуу органдар – маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин, юстиция министрлигинин пикирлери эске алынбай калган деп белгилеп, Медиа Полиси Институту негизги алешемдиктерди атаган.  

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты