Медиа Полиси Институту: ЖМК тууралуу мыйзам долбоору сөз эркиндигине олуттуу залакасын тийгизет  

  • 4 месяца мурун

Медиа Полиси Институту Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланган «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» жаңы мыйзам долбоорун комментарийлеп, бул долбоор Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана эл аралык ченемдерге, сөз эркиндигине каршы келээрин белгиледи.  

Жогорку Кеңештин сайтында Министрлер кабинети тарабынан жөнөтүлгөн «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзам долбоору жарыяланды. Мыйзам долбоорунун жарыялоо убактысы 2023-жылдын 15-декабры деп көрсөтүлгөн.  Мыйзам долбооруна регулятивдик таасир анализи (АРВ) жана жумушчу топтун айрым мүчөлөрүнүн өзгөчө пикирлери берилген.  

Жогорку Кеңешке мыйзам долбоорунун берилиши бул мыйзам долбоорун профилдик комитет тарабынан кароо процедураларынын башталышы, Жогорку Кеңештин бөлүмдөрүнүн экспертизаларын алуу жана биринчи окууга даярдык көрүү дегенди билдирет.

Ошону менен бирге эле Медиа Полиси Институту «ЖМК жөнүндө» мыйзам долбоору президент Садыр Жапаровдун 2022-жылдын 7-декабрындагы медиасектордон кирген жумушчу топтун пикирлерин эске албай түзүлтөндүгүн жана Кыргызстандагы сөз эркиндигине олуттуу залакасын тийгизээрин белгиледи.  

-Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Конституциясына, жарандык жана саясий укуктардын эл аралык пактына каршы келет. Мыйзам долбоорунда ыйгарым укуктуу органдар – маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин, юстиция министрлигинин пикирлери эске алынбай калган.   

Регулятивдик таасир анализи Министрлер кабинети тарабынан бекитилген методиканы бузуу менен түзүлгөн. Бул АРВнын туура эмес корутундусуна алып келген. Жалпысынан алганда, мыйзам долбоору Кыргыз Республикасындагы жалпыга маалымдоо каражаттары жана журналистика тармагындагы көйгөйлөрдүн негизин чагылдырбайт, -деп белгиледи Медиа Полиси Институту.  

Жогорку Кеңештин сайтында жарыяланган мыйзам долбоору 2023-жылдын май айында президенттик администрация тарабынан сунушталган мыйзам долбоорунан айырмаланат. Жарыяланган мыйзам долбоорунда кошумча нормалар киргизилип, журналисттин ишмердигин негизсиз чектөө аракеттери көрүлгөн. Алсак, мыйзам долбоорунун 2, 7-беренелеринде эми мамлекеттик органдарга, мекемелерге же пресс-кызматтарына аккредитациянын негизинде гана баруу көрсөтүлгөн.  Мыйзам каралган учурдан башка убакта аудио, видео жазууну, сүрөткө тартууну кызмат адамдары же жарандардын уруксаты менен жүргүзүү белгиленген.

Эгер ушул мыйзам долбоору кабыл алынса, жарандардын маалымат алуу укугу чектелип калат.

Президенттик администрация тарабынан буга чейин мыйзам долбоорунун беш варианты берилген, бирок бир да мыйзам долбоору боюнча ар бир беренени талкуулоо жүргүзүлгөн эмес. Демилгечилер медиасектордон барган жумушчу топтун мүчөлөрүнүн пикирин эске алган эмес. Техникалык же редакциялоого тийиш болгон анча-мынча өзгөртүүлөр гана киргизилген. Ал эми ЖМКга чоң тобокелчилик алып келе турган жагдайларды президенттик администрация эске алган эмес.   

Мыйзам долбоору кабыл алынып калган учурда, мамлекеттик органдар каалаган ЖМКны каттоодон өткөрүп, каалабагандарын өткөрбөй коюуга толук эркиндик алмакчы.  Ал эми каттоодон өткөн ЖМКны олуттуу укуктук негиздери жок жаап коюуга мүмкүндүк болот.  

1. Мыйзам долбоору боюнча ЖМКга кирбеген веб-сайттар да каттоодон өтө турган болуп калат.  Веб-сайттардын сөзсүз каттоодон өтүшү тууралуу ченем бул ЖМКнын эркиндигине доо кетирет.

2. ЖМКнын ишмердигин  негизсиз токтотуп коюуга жол ачылат.  

3. ЖМКнын чарбалык иштерине негизсиз кийлигишүү чаралары ишке ашат.

4. Журналисттерди аккредитациялоо концепциясынын түшүнүгү өзгөртүлөт.

5. Журналисттердин кесиптик ишмердүүлүгүн жүргүзүү укугу чектелет

6. Кыргызстанда чет элдиктердин ЖМКга катышуусу чектелет

7. Тыюу салуу ченемдерине шылтоолор көбөйөт

Буга чейин президенттик администрациянын алдында ЖМК тууралуу мыйзам долбоорун жеткире иштеп чыгуу боюнча көз карандысыз юристтерден, медиа жана президенттик администрация өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүлгөн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты