Жогорку Кеңештин комитети ЖМК жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды

  • 1 месяц мурун

Бүгүн, 30-январда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинде “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору каралды.

Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Чойбеков Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрине кайрылып, мыйзам долбоору боюнча бир тараптуу иш алып барылып жатканын билдирди. «Сиздер бир тараптуу иш алып барып жатасыздар. Конституцияга ылайык, ар бир адам өзүнүн оюн эркин билдирүүгө укуктуу. Бул мыйзам менен журналисттерди чектөөгө алып келесиздер. Журналисттер коңгуроо кагып жатат. Эки жолу эле чогулуш өткөргөн экенсиздер. Сайтта бул мыйзам долбоору бир ай илинип турду. Эл кандай баа берип жатат? Коом талкууга катышуусу зарыл. Мыйзам долбоорун бышырып, президенттин катышуусу менен иш алып барсак жакшы болмок. Мен да окуп чыктым, сунуштарым бар», — деди ал.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов мыйзам долбоору бир жактуу болбогонун айтты. «Берилген сунуштарды киргизгенбиз. 3-4 маселе боюнча пикир келишпей жатат», — деди ал.

Жыйынтыгында аталган комитет мыйзам долбоорунун концепциясы биринчи окууда жактырды.

Жогорку Кеңештин сайтында Министрлер кабинети тарабынан жөнөтүлгөн «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзам долбоору жарыяланды. Мыйзам долбоорунун жарыялоо убактысы 2023-жылдын 15-декабры деп көрсөтүлгөн.  Мыйзам долбооруна регулятивдик таасир анализи (АРВ) жана жумушчу топтун айрым мүчөлөрүнүн өзгөчө пикирлери берилген.  

Ошону менен бирге эле Медиа Полиси Институту «ЖМК жөнүндө» мыйзам долбоору президент Садыр Жапаровдун 2022-жылдын 7-декабрындагы медиасектордон кирген жумушчу топтун пикирлерин эске албай түзүлгөндүгүн жана Кыргызстандагы сөз эркиндигине олуттуу залакасын тийгизээрин белгиледи.  

Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Конституциясына, жарандык жана саясий укуктардын эл аралык пактына каршы келет. Мыйзам долбоорунда ыйгарым укуктуу органдар – маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин, юстиция министрлигинин пикирлери эске алынбай калган деп белгилеп, Медиа Поличи Институту мындай негизги алешемдиктерди атаган:  

Мыйзам долбоору кабыл алынып калган учурда, мамлекеттик органдар каалаган ЖМКны каттоодон өткөрүп, каалабагандарын өткөрбөй коюуга толук эркиндик алмакчы.  Ал эми каттоодон өткөн ЖМКны олуттуу укуктук негиздери жок жаап коюуга мүмкүндүк болот.  

1. Мыйзам долбоору боюнча ЖМКга кирбеген веб-сайттар да каттоодон өтө турган болуп калат.  Веб-сайттардын сөзсүз каттоодон өтүшү тууралуу ченем бул ЖМКнын эркиндигине доо кетирет.

2. ЖМКнын ишмердигин  негизсиз токтотуп коюуга жол ачылат.  

3. ЖМКнын чарбалык иштерине негизсиз кийлигишүү чаралары ишке ашат.

4. Журналисттерди аккредитациялоо концепциясынын түшүнүгү өзгөртүлөт.

5. Журналисттердин кесиптик ишмердүүлүгүн жүргүзүү укугу чектелет

6. Кыргызстанда чет элдиктердин ЖМКга катышуусу чектелет

7. Тыюу салуу ченемдерине шылтоолор көбөйөт

Буга чейин президенттик администрациянын алдында ЖМК тууралуу мыйзам долбоорун жеткире иштеп чыгуу боюнча көз карандысыз юристтерден, медиа жана президенттик администрация өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүлгөн.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты