Чынгыз Эсенгул уулу маданият министринин биринчи орун басары болуп дайындалды

Эсенгул уулу Чынгыз маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары болуп дайындалды.

Тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгондугу тууралуу маалымат 19-ноябрда өкмөттүн сайтында жарыяланды.

Чынгыз Эсенгул уулу 2021-2025-жылдары министрдин орун басары, министрдин биринчи орун басары болуп иштеген. Андан кийин Түркиядагы соода өкүлү кызматына кеткен.

Сүрөттө: Эсенгул уулу Чынгыз. Өкмөттүн басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты