ЖЭБдеги өзгөчө кырдаал алына элек   

  • 3 месяца мурун

Бишкек жылуулук электр борборундагы штаттык эмес кырдаалдын кесепеттерин жоюуда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) тарабынан жүргүзүлгөн тиешелүү иштер бүгүн аягына чыгарылды. Бирок ЖЭБдеги өзгөчө кырдаал алына элек.

Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы кабарлады.  

2-февралдан тартып ӨКМдин кызматкерлери ЖЭБнин ичиндеги жарылуудан аккан сууларды мотомпомпа менен сордуруу, курулуш кадыктарынан тазалоо жана ЖЭБдин имаратын жылуулоо ишин жүргүзүштү.

Мындан сырткары атайы даярдыктагы куткаруучулар альпинисттик шаймандардын жардамы менен ЖЭБнин чатырын оңдоп-түзөө жана жабуу ишине көмөктөштү.

2-9-февралга чейин ӨКМден жалпы 120 куткаруучу, 24 техника тартылган. Жеринде кызматкерлердин тамактануусу үчүн 10 чатыр жылынуу пункту катары даярдалган.

Ал эми ЖЭБдин аймагындагы өзгөчө кырдаал режими азырынча алына элек.

2-февралда таңкы саат үчтөр чамасында ЖЭБде авария болуп, беш киши жабыркады. Абалы оор эки жумушчу дарылануу үчүн Түркияга жөнөтүлдү.

Башкы прокуратура Бишкек жылуулук электр борборундагы жарылуу боюнча кылмыш ишин козгоду.

Бул боюнча Башкы прокуратура кылмыш-жаза кодексинин 245-беренеси (“Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу”), 317-беренеси (“Магистралдык түтүк өткөргүчтөрүн курууда, эксплуатациялоодо же оңдоодо коопсуздук эрежелерин бузуу”), 337-беренеси (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) беренелери менен кылмыш ишин козгоп, тергөө жүргүзүүнү УКМКга тапшырды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты