Нарын-Өрүк там жолуна кар көчкү түштү

Баштапкы маалымат боюнча, Нарын районунда 7-апрелде саат 15:30 чамасында Нарын – Өрүк-Там унаа жолунун болжол менен 60-чакырымында кар көчкү түштү.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

Кар көчкүнү тазалоого жергиликтүү №8 жол тейлөө ишканасынан экскаватор жана жүктөгүч жөнөтүлгөн.

Кар көчкүдөн жабыркагандар жок.

Жергиликтүү тургундар Өрүк-Там жана Эки-Нарын айылдарына башка каттамдар аркылуу каттай алышат.

Сүрөт: Видеодон алынды

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты